Россияда кампада чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Москва облусунда кампада чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-августта Россиянын Москва облусунун Истринский районундагы Петровское айылында жайгашкан «Озон» маркетплейсинин кампасынан өрт чыккан.

«Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва облусу боюнча ыкчам штабынын маалыматы боюнча, 20 миң чарчы метр аянтты ээлеген өрт өчүрүлүп, миңден ашык адам эвакуацияланды. Ошол эле учурда жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок», — деп айтылат билдирүүдө.