Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт

Кыргызгидромет кызматы кабарлагандай, 5-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу жерлеринде жамгыр жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33,

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32,

Нарын дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 17…19, күндүз 31…33 градус ысык.