Сот департаменти «Синегорье» пансионатына байланыштуу маалымат берүүдө

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти «Синегорье» пансионатынын айланасындагы кырдаалга байланыштуу маалымат берип жатат.

«Синегорье» пансионатынын айланасындагы мүлктүк талаш-тартыштар боюнча сот иштери 14 жылдан бери созулуп келет. Соттук териштирүүнүн жыйынтыгында мурдагы соттук чечимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан Сот департаментинин пайдасына күчүндө калтырылган.

Тактап айтканда соттун чечими менен В.В. Силантьев жана Ысык-Көл — Нарын аймактык мамлекеттик мүлк башкармалыгынын ортосундагы сатуу-сатып алуу келишими жараксыз деп табылган жана анын жараксыздыгынын кесепетинен баштапкы абалына кайтаруу керектиги белгиленген.