Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.
Жазаларды өтөө мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратура кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнү баштаган.
Кримтөбөлдүн киши колдуу болушу боюнча Жазык кодексинин 122-беренесинин 2-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши ачылган. Тергөө иштери башталган.
Аны менен бирге кримтөбөл өлтүрүлгөн №1 тергөө абагынын кызмат адамдарына карата материалдар каттоого алынып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен бул окуяга юридикалык баа берилет.
Эскерте кетсек, 30-июлда кылмыш дүйнөсүндө Чыңгыз Дөө каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов киши колдуу болгон. Жазаларды аткаруу кызматы аны камералашы өлтүргөнүн билдирген.
8-июлда бир катар басылмаларда УКМКнын кызматкерлери Жумагуловду кармоого аракет кылганы, ок атышуу болгону, бирок ал качып кеткени тууралуу маалымат чыккан. Бирок УКМК бул маалыматты төгүндөгөн.
Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кармалып, андан кийин соттун чечими менен 7-сентябрга чейин камакка алынган.
Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү өзүнүн туулган айылы Ичке-Сууда (Чүй облусу) жерге берил