Кыргызстанга инсулиндин биринчи партиясы келди

Кыргызстанга инсулиндин биринчи партиясы келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-июлда аралаш жана кыска таасир берүүчү “Микстард” жана “Актрапид” дарыларынын партиялары алынып келди.

Мындан тышкары, 8-августта “Протофан” дарысынын бир жылдык запасы да келери күтүлүүдө.

Эске салсак, инсулин боюнча көйгөйлөр март айында башталып, май айында бейтаптар анын жетишсиздигине нааразы болуп башташкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинде дары-дармектин кечиктирилишин заводдун өзү алып келүү мөөнөтүн көбөйтүп, февраль айында тендер өтпөй калганы менен түшүндүрүшкөн.