Сокулук районунда айылдаштардын урушу адам өлүмүнө алып келди

Чүй облусунун Сокулук районунда айылдаштардын урушу адам өлүмүнө алып келди. Чүй облустук милициясы окуянын чоо-жайын айтып берди.

Маалыматка караганда, окуя 1-июлда болгон. Талаада суу сугарып жүргөндө Ж.И. менен Т.Э. жана Т. Э. (эки бир тууган) аттуу айылдаштардын ортосунда чыр чыгып, урушуп кетишкен. Андан кийин алар тарап кетишкен.

Ошол эле күнү кечинде Ж.И. аттуу жаран Т.Энин үйүнө сүйлөшүүгө барып, экөө кайра мушташа кеткен. Ж.И. башка айылдаштар менен бирге Т.Эни сабап киргенде, ал үйгө кире качкан. Ошол маалда анын бир тууганы (Т.Э) колуна бычак алып, көчөгө чыккан. Карагыңда бычак шилтеп жатып, Т.Ж. аттуу жаранга бычак сайган. Бычак жеген жаран Бишкектеги ооруканага жеткирилип, 3-июлга караган түнү көз жумган.

Бул окуя боюнча кылмыш иши ачылып, шектүү камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.