Т.Сыдыкбековдун, С.Жумадыловдун мааракелерин өткөрүүгө бюджеттен каражат сарпталган эмес

Саясатчылардын биринин бюджеттик каражаттарды үнөмдөө керектиги, каражаттардын натыйжасыз колдонулуп жатканы жана бюджеттин каражаттарынын ар кандай иш-чараларга тактап айтканда, белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун жана Эл артисти Советбек Жумадыловдун мааракелерин өткөрүүгө чыгымдалып жатканы тууралуу айтканы боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз.

Иш-чара жеке жактардын – жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун жана Эл артисти Советбек Жумадыловдун туугандарынын, айылдаштарынын жана жердештеринин колдоосу менен өткөрүлгөн.
Бул мааракеге бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес. Президент Садыр Жапаров иш-чарага катышканын гана билдиребиз.