Баткенде мыйзамсыз лотерея өткөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

КР УКМК тарабынан Баткен облусунда мыйзамсыз лотерея өткөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында бир нече жылдан бери мыйзамсыз лотереялык иштерди жүргүзүп келген адамдардын тобу аныкталган. Ал эми лотерея билетинин баасы 2000 сомдон 3000 сомго чейин болгон. Ошол эле учурда бир эле турунда 2800 билет сатылып турган. Лотереяда автоунаалар, кыймылсыз мүлктөр да ойнотулган. Мыйзамсыз аракеттерден түшкөн жалпы жүгүртүүнүн болжолдуу суммасы 70 миллион сомго жакын болгон.

e6f9d803 6e60 4703 b890 Баткенде мыйзамсыз лотерея өткөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Колдо болгон маалыматтарга караганда, уюштуруучулар лотереядан автоунаа утуп алган делген талапкерлерди тартууга барышкан, бирок иш жүзүндө алар аларды албай, муну менен башка катышуучуларды адаштырышкан.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесиптик лотереяны уюштуруу иши лицензияланууга тийиш.

Учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.