Бактияр Токторовдун «Буй-буй» ыры боюнча социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты

Белгилүү ырчы Бактияр Токторовго таандык «Буй-буй» ыры боюнча социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп жатат. Соцтармак колдонуучулары өз ара бул ырдын жаралуу тарых боюнча ара кептерди айтышууда.

Фейсбук колдонуучусу Эльмира Мадиева: «Бир группада Бахтияр Токторовдун «Буй буйунун» чыныгы автору башка экенин айтам деп таландыда калдым. Анча- мынча чет элдик ырларды да уга жүрүш керек өзү. Бахтияр Токторов мазмунунан бери өзгөртүп, кыргызчага оодарды. Бирок ырдын изюминкасы буй- буйда болуп атпайбы. Ал бул ырды буулугуп 2000-жылы жазгам дейт маектеринде. А бул ыр тээ 1973- жылы эле англисче Bensonhurst Blues деген аталыш менен чыккан.
1979- жылы нидерландык музыкант, композитор Оскар Бентон жанылап ырдап чыгып, оозго алынып, өмүрү өткөнчө репертуарынан түшүргөн эмес. Ошол ырды менчиктеп алган биздикилер кыйын», — деп жазды.

296198419 5383324928401025 2325158339709861693 n Бактияр Токторовдун «Буй-буй» ыры боюнча социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты

ЖКнын экс-депутаты Садык Шер-Нияз да өз пикирин билдирип, соцтармактагы баракчасына билдирүү жазды.

«Буй-Буй ыры боюнча кызуу талаш жүрүп жатыптыр. Плагиат дегендери да жок эмес экен.
Албетте бул сөздөр чыгарманын аябай популярдуу болуп кеткенинен го дейм. Италиялык блогер да кошумча болду окшойт. Жеке оюмда бул ырчынын чыныгы ички туюму жана чыгармачылык толгоосу менен жаралган туунду. Ал эми бирөө 60-жылдары “буль- буль” деп ырдаптыр дегени суу кечпеген сөз. Андай болсо бирөө бир кезде “Ла-ла” деп ырдаптыр ошону үчүн кыргыз обондорунун жарымысы плагиат дей берсек болот деген эле кеп.
Анын үстүнө плагиатты текшере турган эл аралык мекемелер бар, ыр ушунчалык популярдуу, демек алдакачан ал жактан тиешелүү кагаз келмек. Эң мыкты текшерүү бул Shazam программасы ырды уктуруп көргүлө ошол программага, ошол программа “буль-буль” дебей эле “буй-буй” деп жатса дагы эмнени ойлоп тапканы жатабыз бурадар. Чыгармачыл адамды күйгүзбөлү (башымдан өткөн) андан көрөк шедеври менен чын жүрөктөн эле , кадимки айкөл кыргыздын урпагындай болуп эле куттуктап коелу.
Бар бол Бахтияр!
Бар бол Токторов!
“Буй буй” ырың кыргыздын сыймыгы!», — деп жазат ал.

Эске салсак, белгилүү италиялык тиктокер alessandrocaruso78  «Биз» тобунун дал ушул «Буй-буй» ырына бийлеп, көпчүлүктүн көңүлүн бурган. ал дагы башка кыргыз элинин ырларын ырдап чыгып, коомчулуктун кызыгуусун жаратууда.