Ысык-Көлдө алты сааттай тоодо калган франциялык туристтер куткарылды

Ысык-Көлдө алты сааттай тоодо калган франциялык туристтер куткарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-июль күнү Ысык-Көл ОИИБнин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Ара-Бел сырт өрөөнүндө кайгуул жүргүзүп жатып, жолдон чыгып, сууга тыгылып калган жол тандабасты көрүшкөн. Унаада Франциядан келген жубайлар Абдулла менен Фатима болгон.

Туристтердин айтымында, алар жол тандабас менен Ысык-Көл облусунда саякаттап жүрүшкөн. Бул сапар алар Ара-Бел сырт өрөөнүн көргөнү келишкен.

dshhshh Ысык-Көлдө алты сааттай тоодо калган франциялык туристтер куткарылды

“Жубайлар суу аркылуу тоого жакыныраак барууга аракет кылышканда, унаасы тыгылып калган. Бул жерде дээрлик 6 саат туруп, үшүп башташкан. Ошол учурда милициянын патрулдук унаасын көрүп, жардамга чакырышкан”, — деп билдиришти милициядан.

Милиция кызматкерлери туристтерге жардам берип, аларды жолдун коопсуз бөлүгүнө чейин узатып коюшкан.