Акылбек Жапаров БАЭ элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Бириккен Араб Эмираттарынын элчиси доктор Мохамад Саид АльАрикини (резиденциясы Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында) кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-эмират кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды, атап айтканда, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар эки тараптуу кыргыз-эмират кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.