Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга даярдык активдүү жүрүүдө

Учурда тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга даярдык көрүү боюнча активдүү иш алып барууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыштын рынокторуна жол ачат.

“Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Европа Биримдигине жүктөрдү жеткирүүнү камсыздай алат. Долбоор жүктөрдү жеткирүүнүн аралыгын жана убактысын кыскартуу аркылуу эл аралык транзиттик рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатат. Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө жалпысынан оң социалдык-экономикалык натыйжа берет жана калкка көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтарды кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жакшыртууга олуттуу салым кошот”, – дейт ал.

Осоев маалымдагандай, 2022-жылдын июнь айынын башында тараптар Кыргызстандын аймагы боюнча 280 чакырым узундуктагы “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” каттамынын айкалышкан варианты боюнча темир жолду куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну макулдашты.

“Азыркы учурда контрактка кол коюу, чакырууларды тариздөө жана виза берүү, Кыргызстандын аймагында Кытай адистерине иштөөгө уруксаттарды тариздөө, техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуунун алкагында талаа иштерин жүргүзүүдө Кытай адистерине медициналык колдоо көрсөтүү сыяктуу техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгууга даярдоо иштери жүргүзүлүүдө”, – деди министр.