Акча алмаштыруучу жайлар жана банктар ортосунда чет элдик валютаны алмаштырууга чектөө киргизилди

Кыргызстандын Улуттук банкы 22-июлда «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомун кабыл алды.

Банктын расмий сайтында маалымдалгандай, жогоруда аталган токтом менен алмашуу бюролору менен алмашуу операцияларын бир календардык күн ичинде бир жолу алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын суммасынын чегинде жүргүзүүгө коммерциялык банктар үчүн чектөө белгиленет.