Токаев Казакстан чек ара маселесин чечүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди

Борбор Азия мамлекеттеринин чек араларында атылган ар бир октун үнү бүт аймакка оор болуп жаңырып турат. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттердин лидерлери аймактагы туруксуздуктун факторлорун жок кылуу үчүн болгон күч-аракетин жумшашы зарыл.

“Чек арада атылган ок бир гана катышкан өлкөлөрдө эмес, бүткүл региондо оор болуп жаңырып турат. Тескерисинче, азыркы кризистик шартта биздин мамлекеттер карама-каршылыктарды цивилизациялуу, жоопкерчиликтүү жол менен чечүүнүн үлгүсүн көрсөтүшү керек. Чек араларды юридикалык түрдө каттоо процесси өтө татаал экенин өзүбүздүн тажрыйбабыздан билебиз. Бирок талаш-тартыштуу маселелерди тынчтык жолу менен, чыныгы жакшы коңшулаштыктын жана эл аралык укуктун негизги принциптерин урматтоо духунда чечүү мүмкүн. Башка жол жок. Казакстан Борбор Азиядагы чек араны делимитациялоого көмөктөшүүгө даяр”, – деди ал.