Кыргызстандык эки окуучу эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болду

Кыргызстандык эки окуучу химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-18-июль күндөрү мектеп окуучулары арасындагы химия боюнча эл аралык олимпиада онлайн режимде өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 84 өлкөсүнөн 300дөн ашык мектеп окуучулары катышты. Ар бир өлкөдөн төрт бала, анын ичинде Кыргызстандан дагы төрт мектеп окуучусу катышты.

Аталган олимпиадада Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Азамат Саламатов жана Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин 10-классынын окуучусу Иван Решетников коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, химия боюнча эл аралык олимпиада 1968-жылдан бери 20 жаштан ашпаган мектеп окуучулары үчүн өткөрүлүп келет. Олимпиаданын уюштуруучусу болуп Кытай өлкөсү эсептелет.