Кыргызстан БА өлкөлөрү менен гидроэнергетика тармагында кызматташууну кеңейтүүнү жактайт

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетика жаатында өзүн-өзү камсыздоосун жана коопсуздугун жогорулатуу максатында гидроэнергетика тармагында кызматташууну кеңейтүүнү жактайт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Борбор Азия лидерлеринин жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтуусуна караганда, коронавирус пандемиянын таасиринен толук чыга элек дүйнөлүк экономика азыр эл аралык чыңалуудан улам жаңы соккуларды баштан кечирип жатат. Мындай кризисте азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту, макроэкономикалык туруктуулукту жана социалдык туруктуулукту камсыз кылуу маселелери биринчи кезектеги көңүл бурууну жана макулдашылган аракеттерди талап кылат.

“Дүйнөлүк соода түйүндөрүнүн үзгүлтүккө учурашына, товарларга жана чийки затка киргизилген экспорттук чектөөлөргө байланыштуу айыл чарба жана тамак-ашты кайра иштетүү өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрүн жана резервдерин эске алуу менен биздин өлкөлөр өздөрүн азык-түлүк менен камсыз кылууга толук жөндөмдүү деп эсептейм.Биз аймактагы азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарбасын өнүктүрүүнү арттыра турган бардык багыттар боюнча кеңейтилген кызматташтыкты жактайбыз”, – деди Кыргызстандын президенти.

Садыр Жапаров бул багыттардын бири суу ресурстары болуп саналарын, анын көлөмү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу бир топ кыскаргандыгын айтты.

“Суу ресурстарын башкаруунун колдонуудагы механизмдери азыркы учурдун реалдуулуктарына жооп бербейт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн керектөөлөрүн канааттандырбайт.

Тактап айтканда, Кыргызстандын суу ресурстарын топтоо жана сактоо аракеттери ушу кезге чейин өз баасын ала элек. Дагы бир жолу сууну пайдалануунун эки тарапка тең пайдалуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну сунуштайм, ошону менен суунун жогору жагындагы өлкөлөр суунун болушуна карабастан, анын ичинде суунун аз болгон мезгилинде дагы бир нече жылдар бою сугат үчүн суу ресурстарын вегетация мезгилинде топтоо мүмкүнчүлүгүнө жана кызыгуусуна ээ болушат.

Биз 1998-жылдагы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы Нарын-Сырдарыя дарыя суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча макулдашуунун алкагында кызматташууну жаңыртуу жана өркүндөтүүнү жактайбыз. Анда суу жана энергетикалык ресурстар тең салмактуу алмашуусу каралган”, – деди ал.

Президент кошумчалагандай, Кыргызстан ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетика жаатында өзүн-өзү камсыздоосун жана коопсуздугун жогорулатуу максатында гидроэнергетика тармагында кызматташууну кеңейтүүнү жактайт.

“Биз Казакстан менен Өзбекстандын Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго инвестициялык катышуусун кубаттайбыз. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын жазында болгон авария аялуулукту көрсөткөн, ошондуктан Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетика системасынын коопсуздугун чыңдоо зарыл”, – деп кошумчалады С. Жапаров.