БА лидерлеринин саммити. Кыргызстан адистештирилген туристтик маршруттарды уюштурууну сунуштады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда биргелешип адистештирилген туристтик маршруттарды уюштурууну сунуштады.

«Ысык-Көлдүн жээгинде туруп туризм тармагындагы кызматташуу маселелерин көз жаздымда калтыра албайм. Улуу Трансконтиненталдык каттам жолунда жайгашкан Борбор Азия дүйнөнүн төрт бурчунан келген туристтерди магниттей өзүнө тартып турат.

Кыргызстан биргелешип адистештирилген туристтик маршруттарды уюштурууну, туристтер жалпы чек арадан өткөндө эс алууну киргизүүнү, аймактын ар бир өлкөсү үчүн туристтик мүмкүнчүлүктөрдүн маалымат базасы бар маалыматтык борборлорду түзүүнү, ошондой эле жалпы туристтик көргөзмөлөрдү жана жарманкелер, жалпы жарнамалык материалдарды чыгаруу», – деди Садыр Жапаров.