1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин маянасы 50%га көтөрүлөт

1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин маянасы орточо эсеп менен 50%га көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, пенсиянын да көлөмү 50 пайызга көбөйтүлөт (пенсиянын базалык бөлүгү).

«1-августтан тарта 58 миңге жакын мамлекеттик айлыгы көтөрүлөт», – деп кошумчалады ал.

Министр милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлбөй тургандыгын айтты. “Анткени алардын айлыгы былтыр көтөрүлгөн. Быйыл Ички иштер министрлигинин жарандык кызматкерлеринин айлык акысы жогорулайт», – деди Бакетаев.