Кыргызстанда жыл аягына чейин 14 миң жаңы жумуш орду түзүлөт

Кыргызстанда 2022-жылдын аягына чейин 14 миң жаңы жумуш орундары түзүлөрү болжолдонууда. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 10 ири өндүрүш объектиси ачылуу стадиясында турат.

Ошондой эле ал белгилегендей, оюн-зоок жайлары ачылгандан кийин 5 миң 400 адам ишке орношо алат.