Ысык-Көлдө эки жигит көлгө чөгүп кетти

Ысык-Көлдө 16-июлда 16 жана 22 жаштагы жигиттер салынып бүтө элек комплекстин аймагына өтүп, көлгө түшөбүз деп сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу маалыматты облустук милиция билдирди.

Балдар Барскоон айылынын тургундары болгон.

Тоң райондук милициясынын кызматкерлеринин айтымында, аталган аймак кооптуу болуп, “Сууда сүзүүгө тыюу салынат” деген эскертүү белги болгон.