Бишкекте муниципалдык жерлер бошотулду

Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, инспекция Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти менен биргеликте Ак-Ордо конушундагы Алыкулов көчөсүн 60 чарчы метр аянттагы мыйзамсыз тосмодон бошотту.

Ошондой эле Анкара көчөсүн бойлой түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин, жалпы аянты 114 чарчы метрди түзгөн май алмаштыруучу жай менен унаа тетиктер дүкөнү өз ыктыяры менен демонтаждалды.

Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылууга болот:

– Свердлов району боюнча: 0551551745;
– Октябрь району боюнча: 0505523832;
– Биринчи май району боюнча: 0555404818;
– Ленин району боюнча: 0554222213.