“Вефа” соода борборундагы өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан “Вефа” соода борборундагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, соода борбордун үчүнчү кабатындагы “Хузур” кафесинин 15 чарчы метр желдеткичи жана балдар ойной турган аянтчасы күйгөн.

“Өрт саат 14:13тө чектөөгө алынып, саат 14:46да толугу менен өчүрүлдү. Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. ӨКМ адистеринин жардамы менен борбордогу адамдар коопсуз жайга эвакуацияланган”, – деп айтылат маалыматта.