“Кара-Кечеде” кышка даярдык боюнча көчмө жыйын өттү

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов “Кара-Кече” көмүр кениндеги көмүр казуу иштеринин абалын жеринде көрүп, облустук штабдын көчмө жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, штабдын отурумунда көмүр казуунун көлөмү, “Кара-Кече” көмүр кесиминде экологиялык, техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбай жатканы, райондорго көмүр тартуу иштерин уюштуруу тартибинин абалы боюнча көйгөйлүү маселелер ортого салынды.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов “Кара-Кечедеги” экологиялык, техникалык талаптарды сактоо маселеси түп тамырынан бери чечилиши керектигин, бул боюнча жакшылап анализ жүргүзүп, өлкө башчысына маалымат жана сунуш берерин билдирди. Маселе боюнча экологиялык, техникалык инспекцияга жана прокуратура кызматкерлерине мыйзам чегинде иш алып баруу жагын тапшырды. “Ак-Улак” көмүр кесиминде да абал ушундай болбош үчүн азыртан эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертти.

Штабдын отурумунда облус жетекчиси “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан экологиялык, техникалык эрежелерди сактоо, пландалган көлөмдөгү көмүрдү камсыз кылууну тездетүү, райондук администрациялар менен бирге көмүр кампаларын уюштуруу, карьердеги коопсуздук, тартип маселесин укук коргоо кызматкерлери менен бирдикте көзөмөлдөө жагын өтүндү.

Ал эми шаардын, райондордун жетекчилерине 15-сентябрга чейин социалдык объектилерге көмүр тартуу иштерин бүткөрүүнү милдеттендирип, калкты көмүр отуну менен камсыз кылууга жеке жооп беришэрин эскертти.

Ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилерине өздөрүнүн функционалдык милдеттерин так аткаруулары керектигин суранаарын жана талап кылаарын билдирди.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” филиалынын жетекчиси Болот Мукамбет уулу 1-августтан тартып калкка, 20-июлдан тартып социалдык объектилерге көмүр жүктөп берүүгө даяр экендигин айтты.

Быйыл Нарын облусуна жалпы 116 миң 54 тонна көмүр отуну керектелет. Анын ичинен калкка тартылуучу көмүр 90 миң 400 тоннаны түзөт.