Зулушев курулуш тармагында бир катар мыйзам бузуулар болгонун билдирди

Башкы прокурор Курманкул Зулушев коррупция боюнча координациялык кеңештин жыйынында курулуш тармагындагы бир катар мыйзам бузуулар боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, прокуратура коррупцияга каршы аракеттенүүнүн алкагында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде текшерүү иштерин жүргүзгөн.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Алардын ичинде имараттарды пландоо, контролдоодо, кароодо жана бекитүүдөгү документтердин жетишсиздиги, айрым социалдык объектилер өз убагында каржыланбай, бүткөрүлгөн эмес. Мамлекеттик органдар тарабынан курулуш иштерине тийиштүү көзөмөл жүргүзүлбөгөндүктөн, өз алдынча курулуштар көбөйүүдө”, – деди ал.