Бир түндө жылдыз болгон Бегимай Турусбекова Андрей Малахов менен жолукту 

Бишкектеги «Ынтымак» сейил багында караокеде ырдап, бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова Орусияга «Привет, Андрей» берүүсүнө тартылуу үчүн барды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.

Ал ошондой эле берүүнүн алып баруучусу Андрей Малахов менен эстелик үчүн сүрөткө түшкөнүн айтып, сүрөт менен бөлүштү.

Буга чейин Бегимай Турусбекова «Привет, Андрей» телеберүүсү ал жөнүндө атайын сюжет даярдаганын айткан. «Буюрса, 14-июлда Москвага учам, 15-июлда берүүгө тартыласыз деп айтышты»,— деген.