COVID-19: Кыргызстанда акыркы суткада 91 жаңы учур катталды

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустун 91 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.

Алардын ичинен 63 адамда оорунун белгилери байкалгандыктан ооруканага кайрылган, 21 кишиден ПЧР-тесттен аныкталган.

Алсак, аймактар ​​боюнча: Бишкек шаарында – 75, Ошто – 5, Чүй облусунда – 8, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1.

Бүгүнкү күндө 85 адам амбулатордук түрдө, 16 адам ооруканада дарыланууда.

Белгилей кетсек, жалпысынан өлкөдө пандемия башталгандан бери 201 505 учур катталып, өлүмдүн көрсөткүчү 1,5%ды түздү.