Чүйдө абактагы 7 өспүрүм окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк алды

Соттолгон жети өспүрүмгө окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

Иш-чара Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоочу мекемесинде өткөн.  «Жашы жете электер камалган мекемеде мурдагы мыйзам бузуучулар кесиптик лицейди ийгиликтүү аяктап, техникалык адистикке ээ болушту. Мугалимдер аларга тиешелүү сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшырышты»,— деп айтылат маалыматта.