Жалал-Абадда 5 килограмм “гашиш” баңгизатын сатуучу кармалды

ИИМ: Жалал-Абадда 5 килограмм “гашиш” баңгизатын сатуучу кармалды

Баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген атуулдарды аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын өткөрүү учурунда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын аймагында “Брат” кайман аттуу аттуул баңгизатын сатып, жана сактап жүргөндүгү боюнча маалымат алынган.

WhatsApp Image 2022 07 13 at 14.03.11 Жалал-Абадда 5 килограмм “гашиш” баңгизатын сатуучу кармалды


Бул факты боюнча чогултулган материал Таш-Көмүр ШИИБде катталып, териштирүү иштери башталган.
Жалал-Абад облусу боюнча БМЖККБнын кызматкелери тарабынан ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык Психиатриялык Оорукананын түштүк тарабында Баткен облусунун Баткен району 1976-жылы туулган К.М.А. аттуу жарандын турган жеринен текшерген учурда, он колунда кармап турган пакетине салынган, беш даана бөлүккө бөлүнгөн, кара күрөң түстөгү, өзгөчө кескин жыты бар зат экендиги аныкталды.


Криминалистикалык кызматтын кортундусунун негизинде беш даана бөлүккө бөлүнгөн, кара күрөң түстөгү, өзгөчө кескин жыты бар зат “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталып, жалпы салмагы 5 кг. 21 гр. экендиги такталган.
Учурда кармалган атуулдардын башка кылмыштарга тиешеси бардыгын жана алардын кылмыштуу байланыштарын аныкттоо максатында ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 07 13 at 14.03.09 Жалал-Абадда 5 килограмм “гашиш” баңгизатын сатуучу кармалды
YouTube video