Эрулан Кокулов: Жеке жашоомо байланыштуу кептер кайсы жактан чыгып жатканын болжолдуу билем

Жогорку Кеңештин депутаты, «Не сахар» долбоорунун негиздөөчүсү Эрулан Кокулов SUPERTV телеканалына жеке жашоосуна байланыштуу кептерге чекит коюу максатында эксклюзивдүү маек берди. Маек учурунда ал жеке жашоосун ачыктап, аны каралап жаткандар боюнча пикирин билдирди.

— Мен далил менен гана сүйлөгөн адаммын. Жеке жашоомо байланыштуу кептер кайсы жактан чыгып жатканын болжолдуу билем. Азырынча далилим жок болуп жатат, ошондуктан бул нерсе боюнча так бир нерсе айта албайм.

Мага «сен депутатсың, эмнеге чычалап жатасың?» дешти. Менин депутаттыгыма, жумушума, баскан-турганыма асылышсын, мейли. Бирок жеке жашоого эч кимдин аралашканга укугу жок. Жеке жашоо жеке жашоо боюнча калышы керек. Мен буга чейин эмнеге жеке жашоомду айтпай келгем. Анткени менин жумушумдун кесепети эки балама тийишин каалаган эмесмин, — дейт депутат.

Буга чейин Замира Мамбетова аттуу Фейсбук колдонуучусу Эрулан Кокуловду «3 баласы, келинчеги бар экенине карабай, бойдокмун деп жүрөт», «элиткада» бир эмес, эки батири болгонуна карабай, ата-энем кепедей үйдө турушат деп, депутаттарга тиешелүү батирге кирүү үчүн «Не сахар» долбоорун аралаштырып коркутуп жүрөт» деген өңүттө билдирүү калтырган. Мамбетова депутат бул сөздөрдү кесиптеши Марлен Маматалиевге айтканын кошумчалаган. Мындан тышкары Кокулов аталган долбоордо иштеген Дадановго өзүнүн элиткасын берип койгондугун да айтканы бар.

Мамбетова ошондой эле, Эрулан Кокуловду кичинекей кезинде таэжеси бакканын айткан.

YouTube video