Мамкурулуш жарым жылда курулуш иштерин жүргүзүүгө 318 лицензияны тариздеген

Мамкурулуштун регулятивдик бѳлүмү 2022-жылдын 6 айдын ичинде мамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 318 лицензиясын тариздеген. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, лицензиялардын жалпы санынан, региондук маани боюнча Бишкек шаарында — 173, Чүй облусу — 19, Талас — 6, Ысык-Көл -17, Ош – 73, Баткен- 2, Жалал-Абад – 18 жана Нарын –10 лицензиялары берилген.

Жалпысы, Кыргызстандын юридикалык жактарына — 314 жана 4 жеке ишкерлерге лицензиясы берилген. Биринчи жолу 223 уюм лицензиясын алышкан, калган 95 уюмдардын аткарылып жаткан иштердин жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга жана иштин кошумча түрлөрүн киргизүүгө байланыштуу лицензияларын кайра тариздешкен.