Таалайбек Дүйшөмбиевге “улут аралык кастыкты козутуу” боюнча дагы бир айып тагылды

УКМК бүгүн, 29-июнда Next TV телеканалынын ишинин алкагында директору Таалайбек Дүйшөмбиевге “улут аралык кастыкты козутуу” боюнча дагы бир айып такканын анын адвокаты Тимур Султанов билдирди.

Султановдун айтымында, айып быйыл 3-мартта телеканалдын “Инстаграмдагы” баракчасына маалымат жарыялоо фактысына байланыштуу тагылды.

“Тергөө органдары психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүштү. Жыйынтыгында алар бүгүн экинчи эпизод — дагы бир маалымат боюнча айып тагышты. Таалайбек Дүйшөмбиев жана жактоочу тарап буга макул эмесиз. Муну абсурд жана мыйзамсыз деп эсептейбиз”, — деди адвокат.