Бишкектин райондорунун аттары эскирген, – депутат

Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Усубалиев билдирди.

Ал улуттук идеологияга басым жасап, борбор калаанын райондорунун атын өзгөртүүнү сунуштап жатат.

Усубалиев Свердлов районуна Чыңгыз Айтматовдун же Манастын, Биринчи Май районуна Турдакун Усубалиевдин же Жусуп Абдрахмановдун, Октябрь районуна Байтик баатырдын же Сүймөнкул Чокморовдун, Ленин районуна Исхак Раззаковдун урматына өзгөртүүнү сунуштап жатат.

Дагы бир депутат Рысбай Аматов Биринчи Май районуна Чыңгыз Айтматовдун, ал эми Свердлов районуна Турдакун Усубалиевдин ысымын берүүнү сунуштап жатат.

Усубалиев бул маселе бардык депутаттардан келип түшкөнүн белгилеп, мэрияга каржылык эсептөөлөрдү жүргүзүп, кийинки сессияда кароону сунуштады.

Эске салсак, Бишкектин райондорунун атын өзгөртүү көп жолу сунушталган. Аларга баатырлардын атын ыйгаруу же жөн эле кыргызча ысымдарды берүү сунушталган болчу.

Бирок Бишкекте көчөлөрдүн, райондордун жана башка объектилердин атын өзгөртүүгө мораторий күчүндө.