Жайыл районунда тургундун 500 миң сомун уурдап кеткендер кармалды

Жайыл районунда уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 12-июнь күнү арыз менен 1957-жылы туулгн Д.А. атту жаран милицияга кайрылган. Анда белгисиз бирөөлөр 500 000 сом акча каражаттарды уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Жайыл РИИБ тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.  Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы
уурулукка шектелип 1970-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармочу жайга камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.