Баткенде кошунасынын килемин уурдаган киши кармалды

Баткен шаарынын 39 жаштагы тургуну дубалга илип койгон 5 миң сомдук килеми уурдалганын билдирип, милицияга арыз менен кайрылган. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен иш ачылып, ыкчам иликтөө жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында жоголгон килем буюм ээсинин коңшусу, 43 жаштагы Т.А.нын үйүнөн табылган.

Килем ээсине кайтарылып, азыркы күндө тергөө жүрүп жатат.