Токмок: Мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдаган адам кармалды

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, уурулук кылган адам жалгыз болгон. Облустук милиция учурда тергөө иштери жүрүп жатканын жана шектүүнүн кармалышы боюнча кенен маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Буга чейин ИИМ аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Ошондой эле, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламенттин комитетинин жыйынында мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдатканын билдирген.

WhatsApp Image 2022 10 25 at 15.49.56 1 Токмок: Мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдаган адам кармалды