
Президент Садыр Жапаров Каспий саммитине катышуу үчүн Ашхабадга барбайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирген.
Саммит 29-июнга белгиленген. Алтынчы Каспий саммити алгач 2021-жылы өтүшү керек болчу. Бирок кийинчерээк ал 2022-жылга жылдырылган.
Эске салсак, бешинчи Каспий саммити 2018-жылы Казакстандын Актау шаарында өткөн. Саммиттин негизги жыйынтыгы Каспий деңизинин укуктук статусу боюнча конвенцияга кол коюу болду.
Буга чейин орусиялык басылмалар саммитке Орусиянын президенти Владимир Путин келерин жазып чыгышкан.