
Жайыл районундагы жол кырсыктан бир адам каза болуп, төртөө жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсык Бишкек —Ош унаа жолунун 84-чакырымында МАN жана “Мерседес-Бенц Гигант” оор жүк ташуучу унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1983-жылы туулган С.К. аттуу эркек киши каза болуп, 4 эркек киши жабыркаган (Алар — 2000-жылы туулган С.А., Ш. уулу Т., А.У. жана 2007-жылы туулган К.Б. аттуу өспүрүм).
Куткаруучулар каза болгон кишинин сөөгүн унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери алып кеткен. 3 куткаруучу тартылган.