ИИМ жарандарды сууга түшүүдө коопсуздук чараларын так сактоого чакырат


Көптөн күткөн сууга түшүү мезгили да келди. Жарандар дем алыш күндөрү сууга түшүүгө аракет кылышат. Таза аба, ысык күн, сууда сүзүү ырахат тартуулоо менен бирге, адамдын денесине да пайда алып келет.

Муну менен катар суу дайыма адамдардын өмүрүн алып келет. Эсиңизде болсун: мас абалында сууга сүзүү кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн!
Сууда сүзүүгө болбойт:

  1. Бейтааныш жерде, көпүрөлөрдүн астында сүзүү;
  2. Түбүнүн тереңдигин билбей, бийиктиктен сууга секирүү;
  3. Чектөө коюлган жерлерден ашып кетүү жана тосмолордун артында сүзүү;
  4. Кайыктарга, катерлерге жана башка сүзүүчү каражаттарга жакындоо;
  5. Сууга кайыктан, катерден секирүү;
  6. Сууда ойноп жатканда бири-биринин колу-бутун кармоо;
    Сууда же жээкке жакын жерде спирт ичимдиктерин ичүүдөн алыс болуңуз. Алкоголь тең салмактуулукту, кыймылдарды жөнгө салууну жана өзүн-өзү башкарууну бузат.
    Сууда сүзгөндү билбегендер тереңдиги 1-2 метрден ашпаган атайын жабдылган жерлерде гана сүзүшү керек!
    “Сууга түшүүгө уруксат берилбейт!” деген жазуулары бар эскерткичтер орнотулган суу объектилеринде сүзүүгө катуу тыюу салынат.
    Эсиңизде болсун! Суудагы коопсуз жүрүм-турум чараларын так сактоо гана кырсыктын алдын алат.
    ИИМдин Басма сөз кызматы