Жаратылыш ресурстарын башкаруу долбоору боюнча Кыргызстанга 400 миң доллар бөлүнгөн

0
22

Бүгүн, 22-июнда жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу тармагындагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн демилгеси (ИСЦАУЗР-2) долбоорунун ишмердүүлүгү тууралуу иш-чара болуп өттү.

Кыргызстанга Женева жана Алма-Ата шаарларынан БУУнун азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун (ФАО) өкүлдөрү келишти.

“Борбор Азиядагы жана Түркиядагы айыл-чарба өндүрүшүндө кургакчылыкка туш болуп, туз басуу коркунучунда турган ландшафттардагы жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу программасынын” техникалык директору Экрем Язичи, долбоордун регионалдык координатору Махмуд Шаумаров жана ФАОнун Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Динара Рахманова катышып, маалымат беришти.

Динара Рахманова:

“ФАО өзүңүздөр билгендей айыл-чарбанын бардык тармактарын колдоо боюнча иштерди аткарып келет. Биз Нарындагы Кочкор районунда долбоордун аткарылышын көрүп келдик. Президент Садыр Жапаровдун да айткан сөздөрүн эске алып, климаттын өзгөрүшүнө жараша суу, жер ресурстарын туура колдонууга багыт алышыбыз керек.

Учурда Кочкор районунда суу ресурстарын туура бөлүштүрүү боюнча иштерди аткаруудабыз”.

Махмуд Шаумаров:

“Биздин программа 2005-жылы башталса, экинчиси 2018-жылы башталган. Долбоор беш жылдык болуп башталганы менен дагы эки жылга узарттык. Долбоордун жалпы бюджети 76млн долларды түзөт.
Кыргызстанга бул бюджеттен 400 миң доллар каражатын алдык. Алдыда дагы көбүрөөк каражат алып келүүгө мүмкүн.

Негизги жумуштар бизде билим берүү, потенциалды өнүктүрүү боюнча жүрү түрдүү тренингдерди өткөрүп, жайыттарды башкаруу тармагын да карайбыз. Жалпы 260 миң гектар жерди туура пайдалануу боюнча иштер жасалууда.

Ошондой эле, биздин долбоордо дистанциялык мониторинг да ыкмасы колдонулуп, кургакчылыкты алдын алуу менен санариптештирүү аракеттери көрүлүүдө”.

Экрем Язичи:

“Кырдаалды оңдоодон мурун биз суу, жер ресурстары көйгөйлөрүнүн түп тамырын билишибиз керек. Долбоордун азыркы экинчи баскычында биз бул маселелерди мультидисциплинардык ыкмалар аркылуу чечүүгө аракет кылуудабыз.

Борбор Азия регионундагы өлкөлөрдө жаратылыш ресурстары көйгөйлөрү окшош. Биз бир гана регионалдык деңгээлде эмес ар бир өлкөгө өзгөчө көңүл коюп иш алып барабыз. Айрыкча айыл-чарба өндүрүшүнөн түздөн-түз көз каранды болгон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген топторду коргоо боюнча иштерге маани беребиз.

Ийгиликтүү жасалган мониторингдерден сырткары долбоордун кийинки баскычына өтүүгө да даярдануудабыз.
Климаттын өзгөрүшүнө жараша биздин негизги максат өлкөдөгү башкы керектөөлөргө маани берүү.

Бүткүл дүйнө калкынын азык-түлүк коопсуздугу эң маанилүү көйгөйлөрдөн экени талашсыз. Акыркы жылдардагы пандемия да бул тармакта өз кедергисин тийгизди”.