
Кыргызстанда 1-июндан тартып 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул этапта ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектептерге балдарын каттай алышат.
Каттоо үчүн:
- 1mektep.edu.gov.kg порталына кириңиз;
- ата-эне же мыйзамдуу өкүл катары катталыңыз;
- жеке кабинетке кирип, «Өтүнмө берүү» баскычын басыңыз;
- мектепти жана окутуу тилин тандаңыз;
- арызыңызды ырастаңыз.
Эске салсак, 2026—2027-окуу жылы үчүн 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынат.






