
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
“Кымбаттуу балдар!
Силерди көптөн күткөн Балдарды коргоонун эл аралык күнү — бактылуу балалык майрамыңар менен чын дилимден куттуктаймын!
Балалык — адам өмүрүндөгү эң аруу, эң таза жана эң бактылуу мезгил. Дал ошол кезде бала дүйнөнү таза жүрөк, чексиз ишеним жана чоң кыялдар менен кабылдайт.
Силердин шайыр күлкүңөр, тунук сезимиңер, балалык кыял-максатыңар жашообузга көрк берип, өлкөбүздүн келечегине үмүт жандырат.
Бүгүнкү күндө жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн заманында өсүп келе жатасыңар. Билимге умтулган, дүйнө таанымы кенен, Ата Мекенин сүйгөн жаш муун — Кыргызстандын эң чоң байлыгы жана келечеги.
Ошондуктан ар бириңер терең билим алып, адептүү, эмгекчил, мекенчил инсан болуп өсүшүңөр абдан маанилүү.
Ар бир бала — өзүнчө талант, өзүнчө аалам. Бириңер чыгармачылыкка кызыксаңар, бириңер илимге, дагы бириңер спортко же техникага шыктуусуңар. Эң башкысы ошол шык-жөндөмүңөрдү бапестеп баккыла, кызыгууңарды арттыргыла. Көп окуп, көп изденип, алдыга бийик максаттарды коюудан коркпогула. Анткени эртеңки күндө силер өлкөбүздү өнүктүрүп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытасыңар.
Урматтуу ата-энелер!
Балага татыктуу тарбия, терең билим берүү — улуттун келечегине инвестиция салуу болуп эсептелет. Балдарды бактылуу балалыкта, мээримдүү чөйрөдө өстүрүп-чоңойтуу — баарыбыздын ыйык милдетибиз. Мээримге бөлөнгөн, жакшы тарбия көргөн бала эртең эле мамлекеттин чыныгы атуулу болуп жетилет.
Мамлекет балдардын келечеги үчүн бардык шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну улантат. Анткени балдардын кубанычы — өлкөнүн кубанычы, алардын жаркын келечеги — мамлекетибиздин бекем келечеги.
Кымбаттуу балдарым!
Ата Мекенди сүйүү, улууларга урмат-сый, чынчылдык, боорукерлик жана эмгекчилдик — күчтүү мамлекеттин пайдубалын түзөт. Мына ошол күчтүү мамлекеттин келечеги — силерсиңер.
Ар дайым кыялыңар бийик болсун! Жүрөгүңөр мээримге, жүзүңөр күлкүгө толсун!
Ар бир кадамыңар ири ийгиликтерге жетелеп, ата-энеңердин, жакындарыңардын жана бүтүндөй өлкөбүздүн сыймыгы болушуңарга тилектешмин.
Майрамыңар менен!”






