Биздин кээ бир депутаттар 5 маал намаз окушат дагы, бирок казино ачууну колдошууда, – Бекешов

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында кумарканаларды кайра ачуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Депутат Дастан Бекешев онлайн казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдирди.

“Социалдык көйгөйлөрдү чечүү керек, түшүнөм. Бирок, онлайн казино биздин балдарга терс таасирин тийгизет.  Мындан тышкары коррупцияны мыйзамдаштыруу болот. Эгер казино ачууга уруксат берчү болсок, анда баңги затты да, кылмыштуулуктун түрлөрүн да мыйзамдаштыралы. Бизге акча керек да. Акчанын аркасынан кубалап жатып, моралдык жагын унутуп жатабыз. Биздин кээ бир депутаттар 5 маал намаз окушат дагы, бирок казино боюнча мыйзамды колдоп жатышат”, — деди депутат.

«Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча кумарканаларды ата мекендик жана чет элдик компаниялар ачууга укуктуу. Мындай оюндарды ойноого 21 жаштан жогорку чет өлкөлүк жарандар гана киргизилет.

Буга чейин президент Садыр Жапаров аталган мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.