Милиция кызматкери Ысык-Көлдөгү эл аралык спорттук фестивалда спорттун пауэрлифтинг түрүнөн биринчи орунду ээледи

Ысык-Кѳл облусунда 2022-жылдын 15-июнунан 4-июлуна чейин “Кыргызстандын бермети” аталыштагы IV Эл аралык спорттук фестиваль ѳткѳрүлүүдѳ. Фестивалга дүйнѳнүн 15 өлкөсүнѳн келген спортчулар спорттун 30 түрү боюнча күч сынашууда.

Бул фестивалга ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 17 кызматкери спорттун 6 түрү боюнча катышууда.


Бүгүн спорттун «Пауэрлифтинг» түрү боюнча 100 кг чейинки салмак категориясынан 1-орунду ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун рота командиринин ѳздүк курам менен иштѳѳ боюнча орун басары милициянын капитаны Маметов Мурат Турсунович ээледи. Ошондой эле, фестивалда спорттун башка түрлѳрү боюнча күч сынай турган кызматкерлерибизге ийгиликтерди каалайбыз.


Жыл сайын ѳтүүчү фестивалдын негизги максаты Кыргыз Республикасында спорттун ар кандай түрлѳрүн ѳркүндѳтүү менен спортчулардын спорттук чеберчилигин эл аралык деңгээлде жогорулатуу, коңшу ѳлкѳлѳрдүн ортосундагы достук мамилени чыңдоо, спортчулардын жана ар түрдүү спорттук клубдардын, мектептердин спортко болгон кызгуусун арттыруу, жаш муундарды спортко тартуу менен сергек жашоо образын жайылтуу ошондой эле, чет өлкөлүк командаларды максималдуу тартуу менен Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү. “Спорт дүйнѳдүн элчиси” дегендей спорт менен машыгып, сергек жашоо мүнөзүн алып жүрүү азыркы учурдун негизги талабы болууда.

WhatsApp Image 2022 06 22 at 13.39.45 Милиция кызматкери Ысык-Көлдөгү эл аралык спорттук фестивалда спорттун пауэрлифтинг түрүнөн биринчи орунду ээледи

ИИМдинАтайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы