“Жандуу үн менен”: Интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова дагы бир жолу элге ырдап берет

Бүгүн, 21-июнда бир түндө интернет жылдызнына айланган Бегимай Турусбекованын шаңдуу, мукам үнүн уккусу келгендер үчүн ал “Ынтымак-2” сейил багында жандуу концерт берет.

Бегимай Турусбекованын айтымында, ал кыргыз эстрадасындагы ырчылардын ырларын ырдабайт, себеби алардан уруксат алуу зарыл.

“Мен сиздерге чет өлкөлүк эстрада ырчыларынын ырларын жандуу ырдап берем. Анткени кыргыз эстрада ырчылары ырларын жаздырып, аранжировкалап, көп эмгек кылышкан. Мен аларды уруксатсыз эле ырдаганым туура эмес болуп калат”, – дейт ырчы.

“Мен өзүм ыр жаздырганда, сиздерге тартуулайм”, – деп кошумчалады ырчы.

Вulak.kg редакциясынын көрүүчүлөрүн бардык каалоочуларды чакырат. Ырчы ырдап жаткан учурда баары профессионалдуу камерага жана дронго да тартылмакчы.

Башталышы саат 20:30

“Ынтымак-2” сейил багы

Келип, чер жазып, таланттын үнүн дагы бир жолу баалап кетиңиздер!