Нурлан Насип: “Бегимай ырдагандай эле шартта ырдай алам”

Бегимай Турусбекова тууралуу ырчы Нурлан Насип өз оюн билдирди. Анын айтымында Бегимай менен музыкалык окуу жайда бирге окушкан.


«Бегимай абдан таланттуу кыз. Биз музыкалык окуу жайда бирге окуганбыз. Жашоо шартка байланыштуу ырдап чыга албай калса керек»,-деди.


Мындан сырткары ырчы мырза Бегимай ырдагандай эле шартта ырдай алаарын жана ырдап жүргөнүн белгилеп өттү.


«Биз ошондой эле шарттарда тойлордо ырдап чоңойгонбуз»,-деди Нурлан Насип.

Эске салсак, 18-июнда Бишкектеги Ынтымак-2 сейил багында “Титаник” тасмасындагы “My Heart Will Go On” аттуу ырды жандуу үн менен ырдаган келиндин видеосу интернет айдыңында желдей тарап, интернет жылдызына айланган.