Өмүрбек Текебаев: “Мен бир саясий режимге эмес, Кыргызстанга иштейм”

Учурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев ВВСге маек берип, ага бул кызматты мурунку чакырылыштагы парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун атынан сунуштаган.


«Мына ушуну айтпашым керек эле. Туура болобу же болбойбу? 2019-жылы түрмөдөн чыкканда эле, ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Сооронбай Жээнбековдун атынан айтып, «шайлоого, ички саясатка катышпай эле аксакал болуп, элчи болбойсузбу»,-деди. А менин сот ишим бүтсүн дедим.

Сиз макул болсоңуз бир айда сот иши да бүтөт, указ да чыгат»,-деди.
Элчи мындай сунушка каршы экенин билдирип, шайлоого катышам деген оюн айткан.


«Ковид болуп ооруканада жатып калдым. Анан ошону айткандан кийин сотту тездетип, шайлоого катышпаш үчүн сототтуп жиберели дешти окшойт. Мени издешип, ооруканада жатат десе, врачтарды сот чакыртып, «чын эле жатабы? корутунду бергиле?»,-деп даарыгерлерге чейин кысым көргөздү»,-дейт.


Текебаев мындай окуя кийин да кайталанганын белгилеп өттү.


«Мен эми эч кимди жамандагым келбейт. Эки жолу тең жок мен шайлоого катышамын, мен катышпасам да партия катышат деп макул болгон жокмун. Өтпөй калгандан кийин, партиялаштар отуруп кеңештик. Көбү айтат «Текебаев оппазицияда жүрүп, бийликке өтүп кетти»,-деп. Дипломатиялык иштин бир өзгөчөлүгү бар.

Мен бир саясий режимге эмес, Кыргызстанга иштейм. Ал жерде бир эмес, бир нече президент келгенде дагы, актуалдуу болуп кала бере турган Кыргызстандын кызыкчылыгы тууралуу сөз болот. Ошон үчүн ал нерсе менин жеке көз карашымы өзгөртпөйт жана карама-каршы келбейт. Албетте Дастандын атын атап койгонум туура эмес болуп калды. Ал деле жакшы ойдо айтты. А бирок келип-келип баарыбир ошол сунуш ишке ашты да. Мунун өзү ошол кырдаал талап кылган объективдүү фактор болгон го деп ойлойм»,-деди.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев буга чейин оппозициячыл саясатчы болуп келген. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдик Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу  Элчиси болуп дайындалгандыгы жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров ушул жылдын үчүнчү февралында кол койгон.