«Айыл Банк» жана «РСК Банк» ачык акционердик коомуна 2 миллиард сом бөлүү пландалууда

Июнь айында республикалык бюджеттен эки мамлекеттик банкка 2 миллиард сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Каржы министрлиги билдирди.

Тактап айтканда, 1 млрд сом «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна түшсө, «РСК Банк» ачык акционердик коомуна июнь айында ушундай эле сумма бөлүнөт.

Кошумчалай кетсек, май айында эки мамлекеттик банкка 500 миллион сомдон бюджеттен 1 миллиард сом бөлүү пландалган.