«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» автобустарды сатып алат

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» автобустарды сатып алат. Биринчи этапта 100дү алат, экинчи этабында да ушул сандагы техника каралууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, компания жүз автобус сатып алууга тендер жарыялаган.

Кызыктар тараптар bpatp@meria.kg менен байланышууну өтүнөт. Аларга техникалык талаптар жөнөтүлөт. Шашылыш жана мөөнөттөрдүн тардыгына байланыштуу арыздар 22-июнь саат 23.00гө чейин кабыл алынат.