“Айыл Банктын” мурунку төрагасынын орун басары асынып алды

УКМКнын тергөө камагындагы коррупция боюнча шектелип жаткан “Айыл Банктын” мурунку төрагасынын орун басары асынып алды.

Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына өздүк булактар билдирди. Маалым болгондой, ал 20-июнда камактан чыкмак.

Бакыт Асанбаев 18-июнда эртең менен өзүнө кол салган.

” Бакыт Асанбаев ушул жылдын апрель айында кармалган. Аталган банк менен эмгек келишими мөөнөтү бүткөн жана жаңы келишим түзүлгөн эмес. Ушул тапта маркум Асанбаевдин сөөгү моргдо экени айтылууда”.

Эске салсак, коррупция боюнча кылмыш иши февраль айында ачылган.

Коррупциялык көрүнүш кредит бергенде коммерциялык субьектердин кызыкчылыгында коррупциялык схема аныкталган.