
Нуртазин Джетыбаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабаралашты.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Джетыбаев Нуртазин Алымкулович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.